Кызыл Туу айылында 18-автобус каттоодо

178

Сокулук районуна караштуу Кызыл Туу айылына номур 18-автобус каттай баштады. Автобустун каттоо аралыгы 10 мүнөт.

Коомдук транспорт 06:00дөн 21:00гө чейин жүрөт. Айылдык кеңеш чыгарып берген чечимге ылайык жол кире айылдан Бишкекке чейин 17 сом, айыл ичинде 5 сом деп бекитилген.

Аталган автобустук каттамды ишке киргизүү үчүн айылга бир нече талаптар коюлуп, натыйжада алар ишке ашырылгандан кийин коомдук транспорт каттай баштаган.

Даярдагандар: Оморбекова Аяна, Орозбекова Аяна, Осконова Эркеайым, Медербекова Сайкал.