Кызыл-Кыя шаарындагы аэропорт кайрадан өз ишин баштайт

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы аэропорт оңдолуп кайрадан ишке берилет. Буга чейин жергиликтүү тургундар бир канча жолу аталган аба майданын жаңылоо керектигин айтып чыгышкан.

Кызыл-Кыяга аэропорттор кеңешинин төрагасы Болот Жумабеков жана Бишкектеги “Манас” аба майданынын өкүлдөрү 14-ноябрда жумуш сапары менен барышты.

“Биз Кызыл-Кыя шаар башчылыгына тийиштүү тапшырмаларды бердик. Оюбузча, тез аранын ичинде иштер алып барылат жана көздөлгөн максатка жетишилет”, – деп билдирди Болот Жумабеков.

60-жылдары негизделген аба майданы Кызыл-Кыя шаарында үч багыт менен жүргүнчүлөрдү тейлеген. Ошондой эле жүк учактарын да кабыл алып турган. Кийинчерээк аэропорттун жабдыктары Баткен шаарына өткөрүп берилип, аэропорт өзү жабылган.

Даярдаган: Абдурахманова Гулбахор

Сүрөт: Интернет булактарынан алынды