Кадамжайда тажик жана өзбек мугалимдери кыргыз тили боюнча сынакка катышышты

Кадамжай районунда тил майрамынын бир айлыгы жыйынтыкталып, ага Үч-Коргон айылынын тажик жана өзбек тилдүү мектептеринин мугалимдери катышышты.

Буга чейин “23-сентябрь — Мамлекеттик тил майрамына” карата Кадамжай районунун акимчилиги тарабынан бир айлык жарыяланган.

Анын алкагында Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн мугалимдери менен Халмион айыл өкмөтүнүн мугалимдери арасында түзүлгөн жобого ылайык командалар арасында сынак өттү.

Сынакта тилдеги эски сөздөрдүн чечмелениши, диалектикалык кептердин мазмуну айтылды. Сынакта Үч-Коргондон келген мугалимдер жеңүүчү деп табылып, түрдүү идиш-аяктар жана санариптик ресиверлер белекке берилди.

Үч-Коргон айылындагы Садриддин Айни орто мектебинин мугалими Соня Кыргызбаеванын айтымында, сынак кызыктуу өткөн.

“Иш-чара мыкты деңгээлде өттү, абдан кубанычта турамын. Биз жеңүүчү деп табылдык.”

Халмион айыл аймагында өзбек тектүү элдер, ал эми Үч-Коргон айыл аймагында тажик улутундагы калк басымдуулук кылат.

Даярдаган: Шохиста Курбанова

Сүрөттүн автору: Хабибуллаев Гайрат