Үч-Коргон айыл өкмөт башчысы “Даңк” медалы менен сыйланды

Өлкөнүн аймактарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошкон жарандар мамлекеттик сыйлыктарга ээ болушту. Алардын арасына Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айыл аймагынын башчысы Ахмаджан Абдурахманов да бар.

Өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө кошкон салымы жана үзүрлүү эмгектери үчүн Үч-Коргон айыл өкмөт башчысы Ахмаджан Абдурахманов “Даңк” медалы менен сыйланды.

“Берилген медал бизди дагы да күжөрмөндүк менен иштөөгө жана айылды мында да мыкты деңгээлде башкарууга түрткү берет”, – деп билдирди Абдурахманов.

Сүрөттө Ахмаджан Абдурахманов оңдон төртүнчүсү.

Даярдаган: Абдурахманова Гулбахор

Сүрөттүн автору: Султан Досалиев