Кара-Талаа айылында Кудайменде атанын 300 жылдыгы болуп өттү

752

Тоң районунун Кара-Талаа айылында Кудайменде атанын 300 жылдык майрамдык мааракеси белгиленди. Айылдагы жаштар паркына Кудайменде атанын эстелиги тургузулуп, эскерүү иш-чарасына айыл тургундары жана атайын чакырылган коноктор катышты.

Майрам эстрада жылдыздарынын коштоосунда концерттик программа менен уланды. 100дөн ашык боз үй жасалгасы менен тигилип, келген коноктор тосулду.

Айыл туругуну Кусеин Керимкожоев:

— Кудайменде Жаныбек уулу акылман, даанышман, кең пейил, боорукер адам болгон экен. Ал өз элине кайрымдуу, ынтымакты сактаган жана мыкты санжырачы да болгондугу айтылат. Ал өзүнүн балдарына да татыктуу тарбия берип, эки жакта окуткан. Ошол себептүү балдарынан да неберелеринен да акылдуу балдар коп чыккан.

Даярдагандар: Узакова Айдай, Аттокурова Үмүтай