Кара-Талаа айылында ат оюндарынын жеңүүчүлөрү аныкталды

49

Тоң районундагы Кара-Талаа айыдында Кудайменде Жаныбек уулунунун 300 жылдыгына арналган мааракенин алкагында уюшулган ат оюндарынын жеңүүчүлөрү аныкталды.

Сокулук районунунун тургуну Эрлан жеңүүчү аталып, «Ниссан Примера» унаасын утуп алды.

Кунан чабыш боюнча ошол эле Сокулук районунун тургуну Дүрбөлөң уулу Эдил баш байгени багындырып “Жигули” автооунаасын утуп алды.

Жорго салышта Ысык-Ата районунун тургуну Мааткеримов Султан жеңишке жетип, «Жигули» автоунаасына ээ болду.

Бышыт жорго боюнча Түп районунун тургуну Арабаев Муслим жеңүүчү болуп, «Волга» унаасын утуп алды. Ал эми Көк бөрү мелдешинде Тоң районунун Жоошбай командасы жеңишке жетип. Жигули автоунаасынын ээси болушту.

Ат оюндан тышкары күрөш оюндары болуп өттү. Кыргыз күрөш боюнча Талас облусунан келген Эралиев Мирлан жеңишке жетип, Жигули унаасы менен сыйланды.

Баш байгеге коюлган унааларды алууга Кара-Талаа айылынын тургундары, жеке ишкерлер демөөрчүлүк кылышты.

Даярдаган: Аттокурова Үмүтай