Баетовдо окуучулар тарых жана ата-бабаларды эскеришти

Ак-Талаа районундагы Баетов айылынын Бейшеналиев орто мектебинде 1916-жылдагы Улуттук боштондук көтөрүлүш, Улуу Октябрь революциясынын 100 жылдыгына, саясий репрессиянын 80 жылдыгына карата иш-чаралар өткөрүлдү.

Иш-чаранын алкагында тарых барактарына байланыштуу сүрөттөрдүн көргөзмөсү уюштурулуп, видео жүгүртмө аркылуу окуучуларга тарыхый урунттуу учурлар көрсөтүлдү.

Ошондой эле “Тарыхтагы ак тактар” деген аталышта линейка өтүп, окуучулар анда  Үркүндүн, Улуу Октябрь революциясынын тарыхтагы орду, репрессияда курман болгон кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрү тууралуу маалымат беришти.

Мектеп директору Рүстөм Күсөрманбетов “Тарыхы болбой эл болбойт. Биз ар дайым ата-бабаларыбыздын, өлкөбүздүн тарыхын биле жүрүүбүз керек” деп билдирди.

Иш-чара мектептеги тарых методикалык секциясындагы мугалимдер тарабынан уюштурулуп, ага райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү катышты.

Даярдаган: Байтерекова Алтынай

Маалымат басылманын менчиги болуп саналат жана көчүруп басууга тыюу салынат!