Үч-Коргон айылында мөмө жемиш саткан чакан базар

Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айылында күзгү бышыкчылык соңуна чыгып, айылдагы Чорсуу базарында дыйкандар жыйнаган мөмө жемиштерди сатыша башташты.

Айыл тургуну Уулкан Мамаризаеванын айтымында, базар Ош-Баткен унаа жолунун боюнда жайгашкандыктан соода жакшы болот. Жылына аталган базар ачылып жергиликтүү тургундар бышып жетилген жемиштерди сатышат.

“Бул жылы түшүм жакшы болду. Өз убагында дарактарды суугарып, эми ушинтип жакшы түшүм алуудабыз. Шабдалынын баасы быйыл 20 сомдон 50 сомго чейин чыкты”, – дейт сатуучу Мамаризаева.

Ошондой эле, шабдалынын 30га жакын сортунун ичинен эң өтүмдүүсү «Красный Москва» деп аталат.

Даярдаган: Шохиста Курбанова

Сүрөттүн автору: Хабибуллаев Гайрат