Ак-Талаада маданият кызматкерлери сыйланышты

Ак-Талаа районунда маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди. Ал маданият үйүндө өтүп, салтанаттуу иш чарага маданият кызматкерлери менен бирге мекеме жетекчилери, айыл тургундары катышты.

Алгач маданият тармагында жүргүзулгөн иштер тууралуу видеобаян көрсөтүлдү.

Райондун акими Семетей Черикбаев маданият кызматкерлеринин майрамы менен куттуктады.

“Маданият – бул абдан маанилүү тармак, маданиятсыз эч нерсени элестетүүгө мүмкүн эмес. Маданияты жок эл болбойт. Районубуздун маданиятынын өнүгүшүндө жакшы иштерди жасап келе жатасыздар. Райондогу бир дагы иш чара сиздердин жардамыңарсыз өтпөйт. Ишиниздерге ийгиликтерди каалайм.

Андан соң маданият тармагындагы эмгектенген мугалимдер, китепканачылар жана айылдык клубдун кызматкерлери майрамга карата ар кандай сыйлыктарга ээ болушту.

Музыкалык мектептин мугалимдери Бурул Дүйшеева, Исаева Гүлнара, Төрөкожоева Анаркүл Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамоталары менен сыйланышты. Ошондой эле Ыраазычылык кат жана баалуу сыйлыктар Абдыкалыкова Айнагүл, Артыкбаева Венера, Дүйшөбаева Кундуз, Ажиев Марс, Жумалы кызы Назгүл, Акунова Нуржан, Имакова Апал, Өмүралиева Гүлзатка тапшырылды.

Ал эми Карасартов Бекжан, Мамбеталиева Канымжан, Кулубаева Жумабүбү Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамоталарына ээ болушту.

Майрамдык иш чара балдар билим борборунун, музыкалык мектептин ыр-бийлери менен коштолду.

Даярдагандар: Байтерекова Алтынай, Нурланова Жаркынай