Нарынга көчүп келген памирлик кыргыздарга ар тараптан жардам көрсөтүлүүдө

Нарын районунун Куланак айылына көчүрүлүп келген памирлик кыргыздар 24-октябрь күнү келип жайгашышкан. Учурда аларга ар тараптан жардамдар көрсөтүлүүдө.

Ат-Башы районун акими Жакыпбек Субакожоев өкмөттүн тапшырмасы менен памирлик боордошторго окуу куралдарын, кийим-кече, тамак-аш жагынан жардамдарды алып келгенин айтты.

“Мындан тышкары эгерде туугандарыбыз Ат-Башы районунда жашайбыз дешсе шарт түзүп берүүгө даярбыз. Азырынча эки үй-бүлөнү жашаганга кабыл алдык. Калган үй-бүлөлөрдүн чечимин күтөбүз”, – деди Субакожоев.

Ошондой эле, аким менен кошо памирдик кыргыздардын муктаждыктарына шарт түзүп берүү үчүн келген Улуттук Кызыл-Ай үй-бүлө байланыштарын калыбына келтирүү долбоорунун координатору Салтанат Абдыжапарова буларга токтолду:

– Памирлик кырыздардын кээ бирлери үй-бүлөсү менен келишкен, кээ бирлери туугандарын таштап жалгыз келгендер. Буларда кандай муктаждыктар бар экенин өзүбүздүн жумушубуздун негизинде баалап, анализдеп кеттик. Биз мамлекеттик жардамчы орган, уюм болгондуктан өзүбүздүн жардамыбызды аябайбыз. Эң биринчи телефон менен байланышып, спутниктик телефондорубузду берип, туугандары менен баарлашууга шарт түзүп беребиз. Кыз-келиндерге сайма саюунун, токуунун сырларын үйрөткөнгө жана ошондой эле Wi-Fi туташтырып берүүгө жардам беребиз. Негизги биздин максат – психикалык жактан жардам көрсөтүү.

Памирдик кыргыздарга Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев атындагы орто мктебинини мугалимдери окутуп, илимге багыттап жатышат. Мектеп мугалими Жазгүл Кыдыралиева буларга токтолуп кетти.

– Биз окуучуларды эки тайпага бөлдүк, биринчи тайпа жаш окуучулар, экинчи тайпа ата-энелер. Билим берүү тарарбынан атайын программа келген, ошонун неизинде 7 предметте окутуп жатабыз. 5 күндүк окуу процесси жүрүп жатат. 6-күнү кружоктук иштер жүрөт. Спортко да машыксын деп дене-тарбия сабагын кошконбуз. Англис тили, орус тилин үйрөнүүгө аябай кызыгып жатышат. Өздөштүрүүлөрү абдан жакшы, арасында зээндүү, дилгир балдар да бар экен.

Памирден келген окуучу Турганбай Абдилбайит уулунун айтымында, өзү Памирде 9- класса чейин фарс тилинде окуган, фарс тилин билет. Бул жакта тамга таанып кыргыз тилинде окуп жатат, мындан тышкары орус тилин, чет тилин жана компьютерди үйрөнсөм дейт.

Абдрасул Абдыгафар уулу өзүнүн оюн мындайча баяндады.

– Памирден келгенибизге 20 күндүн тегереги болуп калды, биз тоодо жашагандыктан бул жакка келгенибизге абдан кубанып, сүйүнүп жатабыз. Бизге аябай жакшы жардам берип жатасыздар. Ыраазыбыз. Эч кандай илимибиз-билимибиз жок эле, бул жерден билимге жеткизип окутуп жатышат. Билим алып, окуп элдер менен чогуу жашагыбыз келет.

Автору Медина Сарбагыш