Үч-Коргон айылында алтын күз майрамы белгиленди

Кадамжай районунун Үч-Коргон айылындагы мектептерде алтын күз майрамы белгиленди.

Үч-Коргон айылынын Айни орто мектебинде берекелүү алтын күз деген аталыштагы кече болуп өттү.

Окуучулар ар кандай мөмө-жемиштерди алып келишип, көргөзмөгө коюшту. Компот жасоо боюнча сынакта 8-класстын окуучулары жеңишке жетишти. Соңунда концерттик программа тартууланды.

Автору: Атабек Арипов