Москвадагы акталаалыктар айылдашына жардам беришти

Орусияда иштеп жүрүшкөн акталаалык жигиттер жакында Баетов айылынын тургуну Замир Казиевге материалдык жардам беришти. Замирдин келинчеги да иштебейт. Өзү менен бирге апасы чогуу жашайт.

“Ак-Талаа биримдиги” коомдук бирикмесинин төрагасы Самат Асаналиевдин айтымында, Москвада иштеген Жанарбек аттуу акталаалык жаран бул жолу  жердештери менен чогуу айылдагы майып замандашы Замирге жардам беришти. Алар  Замирдин үйүнө 3 тонна көмүр түшүрүп, 1 мүшөк ун жана 1 козу жеткирип беришти.

“Албетте, жердештерибиздин жашоосуна кайдыгер карай албайбыз. Колубуздан келишинче мындан ары да жардам берүүнү уланта беребиз”, – деди Асаналиев.

Даярдаган: Г. Мамытбекова