Баетовдо күз майрамы өттү

Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде “Күз майрамы” өткөрүлдү. Ага мектептеги 5-11-класстын окуучулары катышты.

Окуучулар күзгү кийимдер парады, жемиштерди кооздоп кесүү-карвинг, мастер класс  жана дубал газеталар сынагы тапшырмалары боюнча өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Күзгү кийимдер парадына 11-а,в, 9а,б,-класстарынын окуучулары жакшы даярданып, өткөн кылымдарда кечелерде айымдар кийген кийимдердин үлгүсүн көрсөтүштү.

Ал эми 10-б классынын окуучулары колдо кантип оригиналдуу белек жасоону, билерик жана моюнча жасоону көрсөтүп беришсе,  9-б классы ден соолукка пайдалуу азыктардан күзгү салат жасап, дасторконго коюуну, жасалгалоону көрсөтүштү.

Дубал гезиттер тапшырмасы боюнча 8-а классынын күрүч, буудай менен жасалган эмгеги өзгөчөлөндү.

Ал эми карвинг-жемиштерди кооздоп кесүү боюнча бардык класстын окуучулары жакшы даярдыктарын көрсөтө алышты.

Даярдаган: Кубанычбекова Элвира