Куланак айылында памирдик кыргыздарды тосуу даярдыгы жүрүп жатат

Памирлик кыргыздардын биринчи тобу Нарынга келип жайгашуу үчүн Кыргызстанга келди. Учурда Нарын районунун Куланак айылындагы №86 кесиптик лицейдин жатаканасында аларды тосуп алуу үчүн даярдыктар көрүлүүдө.

Аталган лицейдин директору Малик Шаршенбековдун айтымында, Куланак айылына 50 адамдан турган сегиз үй-бүлө келип жайгашмакчы.

«Чет өлкөдө жашаган этникалык кыргыздарды Кыргызстанга көчүрүп келүү — бул 2007-жылы чыккан токтом. Бирок ошол ишке ашпай жатып мына бүгүн өкмөт Ооганстандагы Улуу Памир, Кичүү Памирдеги адамдарды көчүрүп келгени жатат. Бирок азырынча аларды толугу менен көчүрүп келүүдө маселелер жаралууда. Анткени алардын арасынан кээ бирлеринин паспорту жок. Алардын арасында бала-бакча жашындагы бөбөктөр, мектеп жашындагылар бар экен. Баардыгы сабатсыз, ошол үчүн мектептен башталгыч билим берүүчү мугалимдер өзүнчө окутуу кабинеттерди жасашты», — деп билдирди Шаршенбеков.

Бала бакчадан тарбиячылар өзүнчө кабинет даярдашкан. Ал жерде бейтапканадан дарыгер келип алардын ден соолугун көзөмөлдөп турат.

Памирлик кыргыздар келип отурукташчу жай да былтыр капиталдык ремонттон өткөн. «Ичинде бардык шарттары менен, болгону жылуу жууркандардан гана кичине кемчиликтерибиз бар», — деп кошумчалады лицейдин директору.

Авторлор: Медина Сарбагыш кызы, Дилде Шатан кызы