Жерге-Талда кой-эчкилерди купкага салуу иштери жүрүп жатат

134

Нарын районуна караштуу Жерге-Тал айыл аймагында кой-эчкилердин котур оорусун алдын алуу үчүн купкага салуу иштери жүрүп жатат.

Бул тууралуу “Кара-Чий” жамааттык мультимедиалык борборуна Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн ветеринар адиси Нааматбек Тентиев билдирди.

Маалыматка караганда, айыл өкмөттөгү бардык кой-эчкилер купкага салынат.

Нааматбек Тенитев айыл тургундары текши купкага салбагандыктан ушул эки жылдын ичинде котур оорусу көп болуп жаткандыгын айтты.

“Кээ бири кой-эчкилерин купкага салбагандыктан котур оорусу жайылып жатат. Ошол себептен админстративдик айып пул төлөтүүнү чечтик. Ал мыйзамды айыл өкмөтү жаңы бекитти. Эгерде купкага кой-эчкилерин салбаса, биз алардын үйүнө барып айтып, болбосо айып пул салынат.”

Кошуна Кызыл-Жылдыз айылынын тургуну Шайымкул Султаналиев “Биздин айылда купка иштебегенине байланыштуу биз койлорубузду Жерге-Тал айылына айдап келип, купкага салып жатабыз” деди.

Жерге-Тал айыл аймагында жалпы 27 миң кой-эчки бар.

Даярдаган: Шаршенбек Акматов