Кызыл-Жылдыз: Мектепте класстар аралык таймаш болду

112

Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылынын М.Иманалиев атындагы орто мектебинде «Эне тилим – эне сүтүм» аттуу таймаш болуп өттү. Бул таймашта 8-9-класстар ат салышты.

Бул тууралуу Кара-Чий жамааттык мультимедиа борборуна М.Иманалиев атындагы орто мектептин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Калмира Исмаилова билдирди.

“Бизидин эң биринчи максатыбыз – өзүбүздүн тилди даңазалоо жана келечек муунга жеткирүү. Бул таймашта кыргыз элинин көптөгөн макал-лакаптары, жаңылмачтары жана ырлары айтылды. Бул иш чарабыз максатына жетти деп ойлойм.”

Жыйынтыгында 8-класстын окуучулары жеңишке жетишти.

Даярдагандар: Аман Шаршенбеков, Токтобүбү Сыргатай кызы