Баетовдо кыргыз тил күнүнө арналган декада жыйынтыкталды

Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде 23-сентябрь мамлекеттик тил күнүнө карата жарыяланган декада бүгүн жыйынтыкталды.

Декаданын алкагында мектепте ачык класстык сааттар, конференциялар, линейка  өткөрүлдү. Мектепте 9-класстын  окуучулары арасында “Эне тилди даңктайбыз” деген ураан менен волейбол боюнча спорттук мелдеш өтүп, 9а-классынын окуучулары 1-орунду жеңип алышты.

Ал эми кыргыз тили жана адабияты методикалык секциясы “Эне тилим – менин дилим”  аттуу адабий-музыкалуу кече даярдашкан. Кечеде кыргыз акындарынын эне тилин даңазалаган ырлары көркөм окулду.

Ошондой эле балага ат коюу салты көрсөтүлүп “Бешик ыры”, “Шырылдаң”, “Бекбекей”  ырлары ырдалды.

Методикалык секциянын жетекчиси Айгерим Сатыналиеванын айтымында, ар бир окуучу кыргыздын патриот уулу катары кыргыз тилин сүйүүсү, сактоосу зарыл.

Даярдагандар: Нурбек кызы Аймырза, Кубанычбекова Эльвира