Кара-Суу айылында жүгөрү жыйноо иштери башталды

Жайыл районунун Кара-Суу айылында күзгү талаа иштери башталып түшүм мол болууда. Ал эми быйыл жүгөрү айдагандар былтыркы жылга салыштырмалуу эки эсе көп.

Кара-Суу айылынын тургундары атайын комбайн жалдап келишип, жүгөрүлөрүн чаптырып жатышат. Айылда дээрлик ар бир үй-бүлөнүн жүгөрү талаасы бар.

Айыл тургуну Темир Мамбеткулов эки жарым гектар жүгөрүсү бар.

“Жүгөрүмдү баштай элекмин, комбайн күтүп жатам, келсе чаптырам”, – деди ал.

Дагы бир айыл тургуну Махабат Ибрагимова үч гектар жерден 15 тонна жүгөрү алганын айтат.

“Быйылкы тоок жылы жакшы түшүмдүү жыл экен. Жүгөрүнүн түшүмү жакшы. Жүгөрүнү комбайн менен чаптырдык. Анткени кол менен иштөөгө кыйын болуп калат экен. Азыр болсо жүгөрүнү кырманда арчып тазалап жатабыз”, – деп кошумчалады Ибрагимова.

Даярдаган: Азирет Туратбеков