Кызыл Тууда кыргыз тили күнү майрамдалды

92

Сокулук районунун Кызыл Туу айылында окуучулар кыргыз тил күнүнө карата салтанаттуу иш-чара уюштурушту.

23-сентябрь кыргыз тил күнү Кыргызстандын булуң-бурчунда майрамдалат. Айыл тургундары жана окуучулардын жардамы менен Кызыл Тууда майрамдык концерт болуп өттү.

Катышуучулар кыргыз тили тууралуу ырларды окуп, эне тилин даңазалашты. Ошондой эле театрлаштырылган постановкалар коюлду.

«1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку президиумунда кыргыз тилинин статусу боюнча токтом кабыл алынып жалпы добуш менен бекитилген», — деп токтолду кыргыз тил мугалими Зарин Насыржанова.

Даярдаган: Аликенов Нурсултан