Учкун айылында согуш ардагерлерине эстелик тургузулууда

192

Нарын районуна караштуу Учкун айылында Ата Мекендик согушка катышкандарга арналып эстелик тургузулуп жатат. Учкун айылынын тургуну Данияр Коомбаев бул демилгени көтөрүп, керектүү жабдуулар менен камсыз кылууда. Буга чейин ал 100 миң сомго жакын жардам көрсөткөн.

Эстелик курууга Учкун айылынын жаштары келип жардам берүүдө. Учурда эстелик коюла турган жер цементтелип, айланасы тосулууда. Эки-үч күндөн кийин танканын үлгүсү алынып келинет да, танка орнотулуп жумуш аягына чыгат.

Бул туурасында эстеликти куруп жаткан Нурбек Таалайбеков бизге мындайча кеп кылды:

– Учкун айылынын тургуну Коомбаев Данияр байкебиз демилге көтөрүп, ошо киши бардык жактардына көмөк көрсөтүп жатат. Буга чейинки материалдарды эсептегенде 100 миң сом болду, мындан кийин дагы ушунчалык акча болот го. Учкундун жаштары жардам катары “Ашар” кылып жардамын көрсөтүп кетип жатышат. Негизи башында үчөөбүз куруп жатканбыз, азыр болсо экөөбүз калдык.

Мектеп окуучулары да эстелик коюу ишине өз жардамдарын берүүгө даяр. Себеби бил иш аягына чыкса Ата Мекендик согушка катышкан аталарыбызды эстеп, аларга баш ийип таазим кыларын билдиришти. Бул тууралуу мектеп окуучусу Гүлжигит Төлөбек уулу:

– Мен жана менин классташтарым бул курулуп жатканын туура эле деп эсептейбиз. Биз бул жерден өтүп бара жатканда ушу ата-бабаларыбыздын кылган эрдиктерин эстеп турабыз. Бирок танканы койгондо же ал жылбагандан кийин кызыгы деле жок болуп калат. Андан көрө мылтык кармап турган жоокердин эстелигин коюшса болмок. Себеби Улуу Ата Мекендик согушка албетте техниканыны да жардамы тийген, бирок эң негизгиси техниканы жүргүзгөн адам болуп жатпайбы! Ошон үчүн мылтык кармаган жоокердин эстелигин коюшса болмок.

Учкун айылынын тургундары эгер жумуш ушул темп менен жүрсө, эстелик 1-октябрда аяктап ачылышы болуп калат деген ойлорун айтышты. Эстеликтин курулуп жатканын айылынын тургундары туура демилге деп, ыраазычылыгын билдирип кетишти.

Даярдагандар: Гүлзар Казиева, Наргиза Жолдошбек кызы, Калыс Төрөгелди уулу.

Редактору: Бегимай Бекмуратова