Мектептин кыргыз тил мугалими – Гүлжан Ажиева

Жайыл районундагы Кара-Суу орто мектебинин тажрыйбалуу мугалимдеринин бири – Гүлжан Ажиева. Ал көп жылдан бери мектепте кыргыз тили жана адабияты сабагынан балдарга билим берип келе жатат.

      Аудио: Мектептин тил мугалими - Гүлжан Ажиева

Ажиева кесиби боюнча кыргыз тилчи, Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. Ал сабакты кызыктуу өткөндүктөн анын сабактарына окуучулар кызыгып катышат.

Гүлжан эже өзү ыр чыгарат, айылдагы, мектептеги коомдук иштерге активдүү катышат. Эже жөнүндө медиаборбордун ыктыярчылары репортаж чыгарышкан. Гүлжан эже өзү дагы медиаборбордун ишине активдүү катышат.

Чынгыз Айтматов, Алыкул Осмонов, Аалы Токомбаев жана ошондой эле “Үркүн” темасына арналган репортаждарды чыгарууда кабарчыларга көп жардам берген. Эженин тажрыйбасын ыктыярчылар пайдаланып, ал киши менен дайыма бирге иштешип келе жатышат.

Даярдаган: Данияр кызы Назик