Жумалиева Гүлмира — өз кесибин ардактаган мугалим

Жайыл районундагы Кара-Суу орто мектебинин мугалими Гүлмир Жумалиева өз өмүрүн мугалимдик кесипке арнагандардын бири.

      Аудио: Жумалиева Гүлмира - өз кесибин ардактаган мугалим

Жумалиева Пржевальск шаарындагы педагогикалык окуу жайды аяктаган. Буга чейин Новониколаевка айылында 15 жыл иштеп, азыр болсо Кара-Суу айылында мугалимдик кесипти аркалап келе жатат, башталгыч класстын мугалими, жогорку билимдүү.

Ал өз кесибин башкага алмаштырбайт, окуткан балдарын турмуштан ордун таап, окууларын улантып, илимдүү-билимдүү болсо экен деп тилейт.

Айыл аймагынын коомдук иштерине да активдүү катышат, ар кандай долбоорлорго катышып, айылдын өсүп-өнүгүшүнө чоң көмөк көрсөтүп келе жатат.

Көп жылдан бери айылдагы №7336-шайлоо участкасынын төрайымы, азыр дагы Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо өнөктүгүнө катышып, төрайымдык ишти алып барып жатат.

Даярдагандар: Гүлзаада Бейшенбекова, Султаналы Чакчагаев.