Башталгыч класстын мугалими Гүлнара Акешова

Октябрь айынын башында Кыргызстанда Мугалимдер күнү белгиленет. Бул майрамга карата Жайыл районуна караштуу Кара-Суу орто мектебинин мугалими Гүлнара Акешова менен маек курдук.

      Аудио: Башталгыч класстын мугалими Гүлнара Акешова

Акешова Гүлнара Ысык-Көлдүн Чырпыкты айылын туулуп, өскөн. Фрунзеде окуп, Кара-Суу айылына келин болуп келген. Көп жылдан бери Кара-Суу орто мектебинде, ата-энесинин жолун жолдоп мугалим болуп иштеп келе жатат. Эки баланын энеси, үч небереси бар.

Акешова өз кесибин урматтайт, окуткан балдары айылына, мекенине кызмат кылган инсандардан болуусун тилеп, кызмат өтөп келе жатат.

Эженин кейигени — мугалимдердин айлыгы аздыгы жана айылдык балдардын, ата-энелердин окууга көп көңүл бурбаганы.

Даярдаган: Гүлзаада Бейшенбекова, Султаналы Чакчагаев.