Бакай-Атада жайыт комитеттеринин иш сапаты жакшыртылууда

317

Бакай-Ата району боюнча жайыт комитетинин адистерине техникалык жабдыктарды үйрөтүү максатында окутуу болуп өттү. Бул туурасында Бакай-Ата жана Кара-Буура району боюнча АРИС долбоорунун эксперти Максатбек Сарычаев менен маек курдук.

Бул жыйынды кайсы уюм уюштуруп, кайсы тараптан каржылап жатат?

— Бул жыйын өзү АРИС тарабынан уюштурулуп жатат. Долбоордун максаты — жайыттарды жакшыртуу. Аткаруучу органдар: мекеме-уюмдар жана мамлекеттик органдар, мындан тышкары эң эле негизгиси АРИС агенттиги болуп эсептелинет жана Дүйнөлүк банктан каржыланып жатат.

Бул долбоордун мөөнөтү канча убакытка чейин созулат?

— Долбоор 2015-жылдан 2019-жылдын 31-мартына чейин каралууда. Бүгүнкү күндө социалдык жумуштар уюшулуп келди. Ар бир айылдын деңгээлинде негизги группалар иш алып барып, аймактарда жайыттарга тиешелүү кандай көйгөйлөр болсо аныктап чыгып бизге маалымдашты. Ар бир айылдын деңгээлинде карап талдап чыгып, ар бир айылдан чогулуштар өткөрүлдү. Айыл аймактын деңгээлинде кайсы көйгөй бар экенин аныктап, ошого тийиштүү долбоорлор ишке аша турган болуп жатат, учурда мал доктурларды да окутуулар жүрүп жатат.

Жайыт комитетинин адистери жана ветеринарлардан тышкары уюмдар да окуудан өтүп жатабы?

— Жайыт комитеттерине эки миң доллардын өлчөмүндө эмеректерди, жабдыктарды толугу менен берип бүттүк. Бүгүн акыркы жабдык катары кирген GPS менен жайыт комитетинин жабдыктары менен камсыздап бердик. Мындан кийин жакшы жумуштарды кылат деп биз ишенебиз. Андан тышкары бизге айыл өкмөт башчылары абдан жакшы көмөк көрсөтүп келе жатышат, жайыттардын суроолору айыл өкмөтүнө дагы тиешелүү болуп жатат. Бүгүнкү күндө жайыт комитети менен айыл өкмөт башчылары социалдык мобилизация жана элди чогултуп жыйын өткөрүүдө өтө чоң салымын кошуп жатышат.

Даярдаган Жантаева Жайнагүл