Сүлүктүдө билим күнү майрамдалды

181

Бүгүн Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы бардык билим берүү мекемелеринде “1-сентябрь – билим күнү” белгиленди.

“Каникул мезгилинде жергиликтүү бийликтин, ата-энелердин жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен жалпы суммасы 500 миң сомдук каражат сарпталып, мектебибиз ремонттон өткөрүлүп, шарттар жакшыртылды. 2017-2018-окуу жылына мектебибиз толугу менен даяр. Окуучулардын саны болсо жылдан жылга өсүүдө. Быйылкы жылы төрт 1-класс ачылуусу күтүлүүдө”, – деп билдирди Исхак Раззаков атындагы №7-орто мектебинин директору Бактыгүл Сабурова.

Кабарчы: Анварбек Тухтаров