Геннадий Базаров жаңы тасма тартып жатат

Мырза Гапаровдун “Туздуу чөл” пьесасынын негизинде кыргыз режиссеру Геннадий Базаров көркөм тасма тартып жатат.

Ысык-Көлдүн жээгиндеги “Барбулак” ысык суусунун жанында көркөм тасма тартылып жатат. Кинону кыргыздын чыгаан кинорежиссеру, кыргыз киносунун классиги Геннадий Базаров жетектеген чыгармачыл топ тартууда.

Алар менен көлдүн жээгинде, режиссер жана актерлор эс алууда жүргөндө жолугуп, тартынып жатып, араң 3-күнү дегенде Геннадий Базаров менен учурашып, өзүбүздү тааныштырып, «бизге интервью бере аласызбы» десек эле, бизди жылуу маанай менен кабыл алып, дароо эле макул болду.

Таң калганыбызды билгизбей, суроо берип, эмне кино тартып жаткандыгы тууралуу, кимдин чыгармасы боюнча экени жана кайсы актерлор тартылып жаткандыгы жөнүндө бизге айтып берди.

      Аудио: Геннадий Базаров жаңы тасма тартып жатат

Кинотасманын орусча ататылышы “Соленая долина” , Мырза Гапаровдун “Туздуу чөл” аттуу 80-жылдары жазылган пьесасынын негизинде жазылган киносценарий боюнча тартылууда. Тасмага кыргыздын белгилүү актерлору Назира Мамбетова, Марат Алышбаев, Замир Сооронбаев, Сакы Карабаев, жаш актриса Гүлсина Чотонова, Жамийла Сыдыкбаева тартылып жатышат. Ошондой эле жаш актер Улан, Геннадий Базаровдун айтымында, “чыгармачыл топко жаккан актер болуп калган.

Актерлор тургузган инсталляция.

“Тасманын 60 пайызын тартып койдук, буйруса сентябрга чейин тасманы тартып бүтөбүз. Бул философиялык ой жүгүртө турган тасма, Туздуу чөлдө 7 киши жолугат, ар кимиси ал ким, эмне, эмне үчүн жаралгандыгы тууралуу кеп курушат. Менин оюмча, бул тасма көңүл ачуу үчүн эмес, көрүүчүлөрдү ойлондура турган, ойлонууга түрткү бере турган, менин мурдагы тасмаларымдай эле болот болуш керек”, — деп билдирди Базаров.

21-июлда Көлдө тасманын 60 пайызы тартылып, Базаровдун тобу «Барбулак» жергесинен чыгып кетишти.

“Ак кептер” мультимедиа борборунун атынан Геннадий Базаровго чың ден соолук, чыгармачыл топко ийгилик жана жаңы тартылып жаткан тасманы аяктап, көрүүчүлөргө тартуулап, тасма ийгилик алып келүүсүн каалайбыз!

Даярдаган: Чакчагаев Султаналы