Жоголгон малды табышууга жардам сурайбыз

Былтыркы жылдын (2016-ж) 20-сентябрь күнү Соң-Көл жайлоосунун Узун-Булак участкасынан Жусупова Замирага тиешелүү 15 (он беш) баш жылкы баласы жайытта жүргөн жеринен жоголгон.

Ким тарабынан, кайда жоголгону белгисиз. Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнүн  тиешелүү кызматкерлери тарабынан жоголгон убактан бери издөө иштери жургүзүлсө да натыйжа бербей келүүдө.

Ак-Талаа  РИИБнүн аймактык  ыйгарым өкүлү  Батырбек кызы Бурул:   “Колубуздан келишинче  иликтөө иштерин жүргүзүп, иликтеп жатабыз. Облустагы бардык ИИБнө маалыматтар, өзгөчө белгилери менен маалыматтары жөнөтүлгөн. Балким жөнөкөй жарандар да изделип жаткан мал тууралуу билсе, же көрүп калышса кабардар кылышар деп ойлойбуз”  дейт.  Урматтуу Баетов  айылынын тургундары жана меймандары  Сиздерге    малдын эн белгилери   тууралуу  кабарлайбыз.

  1. 1 (Бир)   баш айгыр, өңү чабдар, эн тамгасы жок
  2. 1(бир)    баш  көк бээ, эн тамгасы жок
  3. 1(бир)    баш  тору байтал, эн тамгасы жок
  4. 1 (бир)   баш кулун, өңү жээрде кашка,  эн тамгасы жок
  5. 1(бир)    баш карагер, буту ала аяк байтал,  сол кулагы кыйык, оң кулагы шара тилик
  6. 1(бир)   баш тору байтал, сол кулагы кыйык, он кулагы шара  тилик
  7. 1(бир)   баш  күрөң байтал, сол кулагы кыйык, он кулагы шара тилик,
  8.  1(бир)   баш  кара кашка байтал, сол кулагы кыйык, он кулагы шара тилик,
  9. 1(бир)   баш бээ сары тору, эн тамгасы жок
  10. 1(бир)   баш   кулун, эн тамгасы жок
  11. 1(бир)   баш  кара кашка бээ, кашкасы бармак басымдан чонурак, сол жамбашында   “Б”  тамгасы бар.
  12. 1(бир)  баш кара байтал, эн тамгасы жок
  13. 1(бир)  баш тору байтал, эни  оң кулагы оюк
  14. 1(бир)  баш  кара боз байтал, эни оң кулагы оюк
  15. 1(бир)  баш   кара боз кулун, эн тамгасы жок.

Эгерде  Сиздердин бул тууралуу маалыматыныздар болсо төмөнкү телефондорго байланышып коюнуздарды өтүнөбүз.  Сүйүнчүсү сөзсүз болот.

Ак-Талаа РИИБмү 92-1-87, 0708776944, 0770260166

Даярдаган: Г.Мамытбекова