Куу-Майдан айылынын багбаны Акматали Абдыкеримов

Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылынын тургуну Акматали Абдыкеримов багбанчылык менен алектенет.

Саламатсызбы! Сиз кесибиңиз боюнча кимсиз?

Саламатчылык мен кесибим боюнча жазуучумун, чыгармаларды жазам. Кошумча дагы багбанчылык менен алектенем, 1 гектар багым бар.

Бул бакты качан тигип отургузгансыз?

Төрт жыл болду. Кеңеш айыл өкмөтүнүн Кашкоро участкасынан жер алып көчөттөрдү эккенмин.

Канча түп бар?

Өрүктөн 25-30 түп, 30-35 түптөй гилас, 20 түптөй тал, жаңгак эккенмин. Жалпы 100 түп.

Түшүм алдыңызбы?

Быйыл өрүктөрүм түшүм бере баштады, калганы бере элек.

Өзүңүз багбан катары кеп-кеңешиңизди айта кетсеңиз.

Дагы жерлер болсо бак кылат элек дегендер абдан көп болду. Колдон келишинче жардам беребиз.

Кантип карайсыз, кандай дарыларды чачасыз?

Жыл сайын ар биринин түбүн жумшартып, көңдөн чачып, курттардан сактоочу дарыларды чачып турам.

Дагы кандай өсүмдүктөрдү кошоюн деп ниеттенип жатасыз?

Дагы бадам менен өрүктү көбөйтөйүн деп жатам.

Маегиңизге чоң рахмат!

Даярдаган: Шахира Каныбек кызы

Сынак үчүн