Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү болуп көрбөгөндөй көбөйдү

Токтогул сууу сактагычынын сыйымдуулугу 19.5 млрд кубометр, аянты 284 чарчы километр. Быйыл, 2017-жылы кардын жана жаан-чачындын көп болгондугуна байланыштуу Токтогул суу сактагычында суу көп болуп, көл жээгинде жер баккан дыйкандардын мээнети суу астында калды.

      Аудио: Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү болуп көрбөгөндөй көбөйдү

Кетмен Төбө айыл аймагынын улуу салыкчысы Урмат Масирбаев суу сактагычтагы быйылкы суунун көлөмү жөнүндө төмөнкүлөргө токтолду:

– Биздин айыл өкмөттүн тургундары мурда суу баскан жерди айдап пайдалынып жүрүшсө, биздин эскертүүбуз менен быйыл көпчүлүк жерлер айдалган жок. Ал эми айрым жерлеринде суу келсин, келбесе жок деп айдап алган жерлер бар. Ошол жерлерди суу басып жатат. Мурда буга чейин Үңкүр участкасынды 20-30дай киши 50-60 гектар жерди айдачу, ал эми Сары-Булак участкасында 30дай киши 40 гектардан ашык жерди айдап иштетишчү. Быйылкы жылы ал жерлердин дээрлик көпчүлүгү айдалган жок. Аты айтып тургандай бул жерлер суу фондусунун жери, суу фондусунун жерин пайдалануу суу-чарба министрлигине баш ийет. Бул жерлер айдалган шартта биз жер айдагандардан салыгын да, соцфондусун да жана башка арендасын дагы доолабайбыз. Анткени суу басып кетсе өзүлөрү кайыл болот. Суу баспай калса, айдаган жеринин түшүмүн алышат. Быйылкы жылга салыштырмалуу былтыр ушул маалда 14.5 млрд кубометр суу бар болчу. Быйыл андан 5-6 млрд кубометр суу ашыкча топтолду. Ошондуктан былтыркы айдап жүргөн 70-80-гектар жерлер айдалбай калды.

Терек-Суу айылынын тургуну Калмурат Чотоев былтыр көл жээгинде 3 га жерге эгин айдаган болсо, быйыл тобокелге салып 50 сотук жерге картошка айдаган.

– Көл көбөйүп жерди басып келе жаткандыгына байланыштуу бышып жетиле элек түшүмдү казууга туура келип, улам-улам көл басайын деп калган жерди казып сатып жатабыз. Көл өзү деле толо турган чегине жетейин деп калды. Азыр көлдүн толо турган чегине 10-20 метрдей эле жер калды. Бул жерге картошка эгиш үчүн килограммын 30 сомдон 1.5 тонна урук алганбыз. Айдаткан акысы, соляркасы, катошканы, дарысы болуп көп эле чыгым кеткен. Пайдасы түшпөсө дагы быйыл картошка кымбат болуп, кеткен чыгымды жаптык. Улам 500 килограмдан казып, 20 сомдон өткөрүп жаттык. Дагы казыла элеги бар. Эми көл дагы толот, каортошка дагы түгөнөт. Ал жердин кыртышы жакшы болуп, көл баспаган жерге караганда түшүмдү жакшы бергендиктен ушундай тобокелдикке барабыз. Көл тартылса эмдиги жылы дагы айдайбыз.

Картошка айдаган дыйкандар анча-мынча картошкасын сатып, кетирген чыгымдарын актап алышты. Ал эми ошол эле жерге жүгөрү, күн карама айдаган айрым дыйкандардын эмгеги текке кетип, түшүмү суу астында калды. Себеби алар сентябрь айында бышып жетилмек.

Даярдаган: Бурулсун Уланбек кызы
Конкурс үчүн