Терек-Суудагы 17 жылдык тажрыйбасы бар айдоочу Жумашбек Кулушев

Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылындагы 17 жылдык тажрыйбасы бар таксист Жумашбек Кулушев айылдан Бишкек шаарына жүргүнчүлөрдү ташыйт. Терек-Суу айылынын ар бир тургуну анын кардары болгон.

      Аудио: Терек-Суунун айдоочусу Жумашбек Кулушев

Жумашбек Кулушевдин айтымында, ал Бишкек-Ош жолунун боюндагы ашканалардын биринен туруктуу кардары болгондугу үчүн байге алган.

“17 жылдан бери Бишкекке каттайм. 2000-жылдан бери үй-бүлөнү багып, таксист болуп эмгектенип келем. Таксисттик кесиптен түшкөн каражатка үй-бүлөнү багууга болот, өкмөттүн жумушунда иштеп, 5-10 миң айлыкты карап отургандан көрө, мен үчүн таксист болгон жакшы. Өмүрүмдүн жарымы Бишкек-Ош жолунда өткөнүнө өкүнбөйм. Таксисттик кесиптин жакшы жактары, финансы жагынан кыйналбайсың. Жаман жактары деле бар, “Жол азабы — көр азабы” демекчи кыш болот, суук болот, жол тайгак болот, ар бир кардарды аман-эсен жеткириш керек, жоопкерчилик мойнуңда болот. Кардарларыма ыңгайлуу болушу үчүн машинанын акыбалы жакшы болушу керек, машинаны таза карайм, телевизор коюп койгом, магнитофон койгом, жакшы ашканаларга токтотуп, эс алдырып дегендей. Таластык “Лепата” деген кафеден 2012-жылы туруктуу кардары болуп, аларга кардар алып келгеним үчүн DVD белек кылышкан. Андан башка кээде акчалай сыйлыктар болуп калат кафелерден”, — деп айтып берди ал.

Кулушев айдоочулук кесибиндеги кызыктуу окуяларынын бирин биз менен бөлүштү.

“2015-жылы жаңы жылдын астында кардарларым менен Суусамырда кетип жатып, машинам бузулуп, кыштын суугунда 2 сааттай жолдо калганбыз. Машинамды СТОго таштап, кардарларымды ар кайсы таксисттерге дайындап тараткам”.

Даярдаган: Азима Нурбек кызы
Конкурс үчүн