Терек-Сууда ардагерлер пенсиясын Компаньон банкынан алууда

Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылында ардагерлер пенсиясын 2016-жылдын август айынан бери айылда жайгашкан Компаньон банкынын сактык кассасынан алышууда. Ардагерлердин айтымында, аларга банктан алуу ыңгайлуу.

      Аудио: Терек-Сууда ардагерлер пенсиясын банкынан алууда

Компаньон банкынын сактык кассасынын башчысы Аксен Досалиев төмөнкүлөрдү билдирди:

“Бизден каалаган убагында келип алып кетет. Ыңгайлуулугу убактысын үнөмдөйт, 15 минутада келип алып кетет, Токтогулга барып келиш үчүн алар 1 күндүк же жарым күндүк убактысын коротушат. Ар бир айдын 11инде ар бир банкка пенсиянын акчасы түшөт. Азыркы убакта бизден 300 пенсионер карточка менен алат. Пенсионерлер мурда Токтогул шаарындагы ар кайсы банктан жана почтадан алышчу. Азыр Терек-Суу айылында жайгашкан Компаньон банкынан алуу ыңгайлуу болуп, бардыгы бизден алып жатышат.”

Аксен Досалиевдин айтымында, сентябрь айынан баштап Терек-Суу жана Чоң-Арык айылынын мектебиндеги мугалимдер өз айлыктарын жана жөлөк пул алуучулар дагы акчасын Компаньон банкынан ала алышат.

Ардагер мугалим Калчоро Касымов пенсиясын 10 жылдан бери банктан алаарын айтат.

“Себеби, банктан күндө барсаң дагы түндө барсаң дагы, Бишкектен барсаң дагы бардык жерден, каалаган убактыңда ала аласың”, — деди ал.

Ардагер Жийдебү Бегалиева “Пенсияны банктан алып жатканыма 3-4 ай болуп калды. Почта кечиктирип бергендиги үчүн банкка өттүм. Банкта ар бир айдын 10унан кийин ала берсеңер болот дегенинен банкка которулдук. Мага банктан алган ыңгайлуу” деди.

Даярдаган: Азима Нурбек кызы
Конкурс үчүн