Терек-Суу: Компаньон банкынын сактык кассасы жаңы имаратка көчөт

Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылында жайгашкан Компаньон банкынын сактык кассасы жаңы имаратка көчөт. Жаңы имаратты сунуштун негизинде Терек-Суу айылынын тургуну Калмурат Чотоев салууда.

      Аудио: Терек-Суудагы банк жаңы имаратка көчөт

Компаньон банкынын сактык кассасынын башчысы Аксен Досалиевдин айтымында, анын мекемеси 1-августта жаңы имаратка көчөт.

“Банктын жаңы имараты биздин сунушубуз менен салынууда. Анткени бизде канчалык кардарлар көбөйгөн сайын, бизге ыңгайлуу болушу үчүн, жаңы имаратты банктын долбооруна тиешелүү кылып, табыштама менен Калмурат Чотоевге салдырып жатабыз, өзүнүн акчасына салып жатат. Биз ижара акысын төлөйбүз аларга, жеке менчик болуп салынып жатат. Май айында курула башталды, буйруса, июль айынын аягында курулуп бүтөт. 1-августтан баштап жаңы имаратка көчөбүз”, — деп токтолду Досалиев.

Банк үчүн имаратты куруп жаткан Калмурат Чотоев “Жолдун боюнда болуп аларга ылайыктуу болгондугу үчүн салып жатам, ижарага берем. Май айында баштаганбыз, буйруса июль айында курулуш иштери аяктайт. Компаньондун ичи төрт бөлмөлүү, долбоорун өздөрү чийип беришти” деп билдирди.

Даярдаган: Азима Нурбек кызы

Конкурс үчүн