Терек-Суудагы балдар бакчасы 39 жылдан бери иш алып барып келет

Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылында жайгашкан №5 Кызгалдак балдар бакчасы 39 жылдан бери иш алып барып келет. Балдар бакчасы тууралуу кененирээк малымат алдык.

      Аудио: Терек-Суудагы балдар бакчасы 39 жылдан бери иш алып барып келет

Балдар бакчасынын башчысы Базарбү Жуматаеванын айтымында, бала бакчада 32 адам жумуш менен камсыз болгон.

“Бала бакча 1978-жылдан бери, ачылган күндөн баштап, азыркыга чейин иштеп келе жатат. Бала бакча өзү типтүү бала бакча болгондуктан, 140 орун менен камсыздалган. Бирок элдин талабына ылайык азыркы күндө 182 бала тарбияланып жатат. Биз айылдын элинин талабына ылайык, жайкы күндөрү иштеп жатабыз бир канча жылдан бери, ошондо жылына 9 ай иштешибиз керек, бирок, бизде убагында жылытуу системасы жоктугуна байланыштуу, суук катуулап кеткендегининен биз 8 ай мөөнөттө иштеп келгенбиз. Буйруса, быйылкы жылдан баштап, жылытуу системасы коюлгандыктан 9 айлык мөөнөттү толук иштейбиз деген ойдобуз. Эртең мененки саат 08:00дөн кечки саат 18:00гө чейин, 10 саат иштейбиз. Тамак- аш бизде айыл өкмөтү тарабынан камсыздалат, ал эми 2-варианты ата-энелердин өз ыктыяры менен төлөөчү 500 сом өлчөмдө төлөнгөн, балдардын атайын взносу бар, ошонун негизинде биз тамак-ашты сатып алабыз. Биз азык-түлүктүн калориясына, витаминдүүлүгүнө жана баасына карайбыз. Бала бакчада үч маал тамак беребиз. Бала бакчада азыркы күндө 32 адам жумуш менен камсыз болуп жатат. 1 жумада 5 күн окуйбуз. Бала бакчада учурда алты тайпа бар”, – дейт ал.

Ошондой эле ал бала бакчада айрым көйгөйлөрдүн бар экендигин кошумчалай кетти.

“Биздин бала бакчада бардыгы ойдогудай, талапка жооп берет деп айтуудан алысмын. Бүгүнкү күндө биздин ашкананын жабдыктары, тамак-аш жасоочу комфорткалары, ашкананын ички ремонтунда көп көйгөйлөр бар. Жабдыктар жагынан биз жетишпей келе жатабыз. Андан сырткары, биздин бала бакчага быйылкы жылга суу түтүктөрү коюлган, болгону суунун деңгээли аз болгондуктан, бизге келүүчү суу түтүктөрүндөгү напор аз болгондуктан, бизге суу боюнча жакшы камсыз кыла албай жатышат. Айыл өкмөткө кайрылып, суранып жатып кичине суу түтүктөрүнө көңүл бурулду. Бирок жеткиликтүү деңгээлде суу чыккан жок. Себеби, биздин коюлган суу түтүкчөлөрүнө тээп чыга турган күчтүү напор жок болуп жатат”, – деп жыйынтыктады өз сөзүн Жуматаева.

Даярдаган: Азима Нурбек кызы
Конкурс үчүн