Ооган-Талаа мектебинин ашканасына таза суу кудугу курулууда

Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылындагы Сатыбалды Далбаев мектебинин ашканасына таза суу киргизүү үчүн кудук казылып жатат.

Кудуктун куруу иштерине беш жумушчу тартылган. Аны Могол айыл өкмөтү каржылап, 25 миң сомдун тегерегиндеги акча каражат сарпталган.

Мектептин чарба иштери боюнча адиси Шакир Алыкуловдун айтымында, буга чейин мектептин эки кудугу болгон.

“Бирок ал эки кудуктун суусун ичкенге мүмкүн эмес. Ошондуктан 3-кылып таза суу куюлуучу кудукту куруп жатабыз”, – деди Алыкулов.

Даярдаган: Адилет Канат уулу

Сынак үчүн