Андаракта каракурт көбөйүүдө

Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагынын талааларында каракурт көбөйдү. Быйыл каракурттан жабыркагандардар каттала элек. Өткөн жылы төрт адам жабыр тарткан.

      Аудио: Андаракта каракурт көбөйүүдө

Бул тууралуу Андарак айылынын үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгери Вахид Кундузов менен маек курдук.

Каракурт кандай мезгилде чагат?

— Күн ысыганда, абанын температурасы 20 градус болгондо, күндүзү күнгө жатып, кеч адамдар уктап жатканда чагат.

Эгер чакса кандай белгилер пайда болот?

— Чаккан жери суук болот. Суук пайда болот. Андан кийин оору, аллергия башталат. 20-30 мүнөт өткөндөн кийин деми кыстыга баштайт. Бут, кол, сөөк, баш оору пайда болот. Чакса жакшы дем ала албайт. Жүрөгү тез согот, температура көтөрүлөт. Бир саат өткөндөн кийин адам өзүн жоготуп коюшу мүмкүн.

Биринчи жардам катары эмне кылыш керек?

— Чаккан жерден 10-20 сантиметр жогору байлаш керек. Себеби уу тез таркап кетсе оору оор болот. Байлап койсо башка жакка өтпөй жеңил болот. Бул биринчи жардам. Тез медициналык кызматкерге жеткириш керек. Алып келгенден кийин биринчи оорууну жок кыла турган укол жасайбыз. Үч күн дарылайбыз. Биринчи чаккан жери суук болот. Безгектей калтырай баштайт. Чаккан жери билинет. Билингенден кийин сөзсүз дарыгерге алып келип, дарыгердин көзөмөлүндө болуу керек.

Өлүмгө алып келеби?

— Эгер талаада болсо, жардам берилбесе өлүмгө алып келиши мүмкүн. Жүрөгү тез согуп, жүрөгү иштен чыгышы мүмкүн. Кесепети жаман.

Бул жылы каракурттан жабыркагандар болдубу?

— Быйыл жок. Өткөн жылы болгон. Үч-төрт адам болгон. Бүгүн июлдун ону болуп жатат болгон жок. Жылан, кара курт чаккан дагы жок. Себеби азыр талаада эч ким жатпайт. Мурда адам көп жатчу эле. Чөп орукка чыгып жатчу эле. Ошондуктан азыраак.

Маектешкен жана сүрөттөрдүн автору: Камбарбек Асан уулу
Конкурс үчүн