Ак-Талаада уй эмген козу

Ак-Талаа районундагы Байгөнчөк айылында козулар уйду ээмп көнүп алышкан. Бул тууралуу мал жандыктарын караган айыл тургуну Кубанычбек Моңолбаевди кепке тарттык.

Учурда Байгөнчөк айылында айрым үйлөрдө жайлоого кетиришпей колго мал кармагандар бар. Айыл тургуну Кубанычбек Моңолбаев да турмуш-тиричилигин мал менен өткөрөт. Күнүмдүк керектөөсү үчүн бирин-экин малын жайлоого бербей алып калган. Эң кызыгы анын козулары уй ээмп, курсак тойгузганга көнүп калышкан.

“Уюбуз жаңы тууган. Бир күнү эртең менен карасам козу байланып турган саан уйду ээмп жатыптыр. Айдасак да болбоду. Ошол бойдон эле уй торпогун да, козуну да эмизип калды. Мурда ошондой болгон. Айылдаштарыбыз болсо бул көрүнүшкө таң калат”, – деди Моңолбаев.

Сынакка даярдаган: Жылдызбекова Алтынай