Сумбулада тезек кургатуу сезону кызуу жүрүүдө

Лейлек районунун Сумбула айыл аймагында тезек кургатуу иши кызуу жүрүп жатат. Айылда кыштын узак болгондугуна байланыштуу отун көп керектелет.

      Аудио: Сумбулада тезек кургатуу сезону кызуу жүрүүдө

Сумбула айылынын тургундары июнь-июль айларында тезек кургатуу менен алектенишет. Көмүр, отун сатып алууга акча каражаты жетишпейт. Ошондуктан кышта жыйган уйдун көңүн сууга аралаштырып чалып, кичинекей тегерек калыпта жука жайып кургатып алышат.

Бул тууралуу айылдын тургуну Жыпар Алиеава төмөнкүлөрдү билдирди.

“Кургатылган уйдун көңү очокто, тандырда жакшы күйөт. Нан жаап тамак жасаганда кыйналбайбыз. Ал эми көмүрдүн күкүмүн аралаштырып тоголок кылып куюп алганыбызды мешке жагабыз. Ал көмүрдүн ордун басат”, — дейт айыл тургуну.

Жыпар Алиеванын кошумчалашында, тезекти Сумбуланын тургундары гана жасашат.

“Бул тезек бир гана Сумбулада жасалат. Башка жакта жашаган тургундардын жасаганын көрө элекмин. Бул санитардык жактан алып караганда, көң тазаланат жана экологияга зыяны жок”, — деп кошумчалады ал.

Даярдаган: Данияр Бахридин уулу
“Конкурс үчүн”