JICAнын ыктыярчылары алгачкы жолу Таласта

105

Талас шаарындагы жамааттык “Радиомост” үналгысында 6-июнь күнү JICA уюмунун ыктыярчылары түз эфирде конок болушту.

Эфирде ыктыярчылар менен кызыктуу маек курдук. Ыктыярчылар Кыргызстандын кооздугуна суктанып, Талас жергесине алгачкы жолу келгенин айтышып, келечекке койгон максаттары менен бөлүштү. Эфир учурунда Япониядан келген ыктыярчылар угармандарга өз тилинде ырдап беришти.

Эфир соңунда конокторго эркин микрофон берилип, алардын каалоо-тилектери менен түз эфир жыйынтыкталды.

Даярдаган: Камчыбекова Р.