Чоң-Арык айылындагы «АРИС» программасынын иш-аракеттери

Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылындагы мектептин, ФАПтын оңдоо иштерине жана китепкананын салынышында «АРИС» программасынын салымы чоң. 2017-жылы бул программа менен айылдагы мал доктурга алыскы жердеги тургундардын үй жандыктарына дары жеткирип туруу үчүн мотоцикл берилген.

      Аудио: Чоң-Арык айылындагы АРИС программасынын иш-аракеттери

Айылдын ичинде жайгашкан жалпы орто билим берүүчү мектептин айланасы 2011-жылы АРИС программасы тарабынан темир тор менен курчалган.

Айылдагы мектептин тарых мугалими Өмүр Турсунбаев мектептин короосунун тосулушу жөнүндө төмөнкүлөрду айтты:

— Биздин мектеп 93-жылы Союз таркап кеткендигине байланыштуу жакшы бүтпөй калган. Айланасы, бак-шагы короолонгон эмес. Ошону 2011-жылы АРИС программасынын негизинде 1 млн 300 миң сомго короологонбуз. Анын 123 миңи элдик салым болгон, 992 миң 697 сому АРИС программасынын салымы болгон. АРИС программасына жалпы Коргол мектебинин атынан, окуучулардын атынан ыраазычылык айтабыз.

Чоң-Арык айылынын китепкана башчысы Роза Жолдошова:

— Бул убакка чейин мектептин имаратында жана почта бөлүмдөрүндө жайгашкан ар жерде көчүп-конуп иштечүбүз. Китепкана 2011-жылы АРИС программасынын эсебинен 1 млн 300 миң сомго курулган. Жамааттын салымы 140 миң сом болду. 2011-жылдан 9-декабрында ушул китепкана ишке берилип андан бери иштеп келе жатабыз.

Айылда №779 үй-бүлөлүк дарыкана пункту жайгашкан. ФАП 1976-жылы курулган, анда төрт медайым эмгектенет. Мекеменин кызматкери Венера Карагулова төмөнкүлөргө токтолду:

— 2007-жылы АРИСтин эсебинен ФАПта ремонт жасалды. Жылуулук системасы боюнча ичин абдан жакшы жасап беришти. Азыр иштегенибизге ыңгайлуу шарт түзүлгөн.

Чоң-Арык айылынын мал доктуру Керезбек уулу Дөөлөтбек да АРИС программасына ыраазычылыгын билдирди.

— Эки жылдан бери айылда мал доктур болуп иштейм. Быйыл АРИС программасы тарабынан мотоцикл берилди. Азыркы убакта мото биз үчүн жакшы кызмат аткарып жатат. Мотонун жалпы суммасы 53 миң сомду түзөт экен. Бизге ал мото айылдан алыс жайгашкан тооолуу жердеги айыл тургундарынын малдары ооруганда дары-дармек жеткирип туруу үчүн берилди.

Даярдаган: Бурулсун Уланбек кызы

Конкурс үчүн