Суусамыр: Электр таянычтары жаңыртылды

351

Суусамыр айылынын Тынчтык көчөсүндөгү электр тогун өткөрүп берген карагай түркүктөр капиталдык оңдоодон өтүп, бетон таянычтарга алмаштырылды.

      Суусамырда электр столбалары жаңыртылды

Бул туурасында Суусамыр электр тармактар участогунун жетекчиси Чыңгызбек Ашыр уулу буларган токтолду:

— Биз 2016-жылдын октябрь айында “Түндүк электр ачык акционердик” коомунун каржылоосунун негизинде  1 млн 40 миң сомдук пландык иштен тышкаркы капиталдык реконструкция ишин киргизгенбиз. 04 аба чубалгысындагы 502-трансформатордук подстанциядан 1 км 200 м аба чубалгысынын сызыктарын (линия), электр зымдарын, электр таянычтарын (столба), изолятор, эмне тиешелүү болсо бардыгын толугу менен капиталдык оңдоо жүргүзүп, жаңырттык. Бизге Жайыл райондук электр тармактар участогу жардамга келип, эксковатор, крановщик, стропальщик, баары салымдарын кошушту. Бул иштин жалпы наркы 599 миң 746 сомду түздү.

Жалпысынан 29 электр таянычтары жаңыртылды. Тынчтык көчөсүнүн жашоочусу Замира Акматова:

— Электр түркүктөрүнүн жаңыртылышы менимче абдан жакшы болду. Анткени, бул столбалар абдан эскирип калган. Эми электр жарыгы үзгүлтүксүз жакшы иштейт деген ойдомун.

Кийинки жылга дагы 50 электр таянычтарын жаңыртуу иши пландалууда.

Даярдаган: Умсунай Ачыкова