Сумбулада быйыл өрүктүн түшүмү мол

Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагында быйыл өрүктүн түшүмү жылдагыдан мол болду. Учурда айыл тургундары бактарындагы өрүктүн түшүмүн жыйнай баштады.

      Аудио: Сумбулада быйыл өрүктүн түшүмү мол

Беш жылдан бери өрүк эми гана гүлдөгөндө суук түшүп, өрүктөрдү үшүк алып кетчү. Быйыл аба ырайы жакшы болгондуктан өрүктүн түшүмү мол.

Айыл тургуну Нажимидин Өмүрзаковдун айтымында, өрүктү кургатып алса сапаты көпкө чейин бузулбай турат.

“Быйыл өрүктөн жакшы түшүм алууну күтүп турам. Биз жыл сайын өрүктөрдү көбүнчө кургатып алабыз. Себеби көп убакытка чейин сапатын жоготпой турат”, — дейт багбан.

Өмүрзаковдун кошумчалашынча, кургатылган өрүктүн баасы быйыл кымбат болот.

“Базарда жаңы бышкан өрүк 35 сомдон 50 сомго чейинки баада сатылып жатат. Кургатылган өрүк болсо, 100 сомдон 250 сомго чейин сатылат. Эгер ушул убакытта да өрүккө кардар чыкса сатып жиберебиз”, — деди Өмүрзаков.

Даярдаган: Данияр Бахридин уулу

«Конкурc үчүн»