Кетмен-Дөбө аймагынын салык инспектору менен маек

1-июль салык кызматкерлеринин күнүнө карата Токтогул районунун Кетмен-Дөбө айыл аймагынын улук салык инспектору Урмат Масирбаев менен маек курдук.

Кетмен-Дөбө айыл аймагында канча салык төлөөчү бар?

— Кетмен-Дөбө айыл аймагына караштуу жалпы 1430дан ашык салык төлөөчүлөр каттоого кирген.

Салыктын кандай түрлөрү бар?

— Салыктын негизинен алты түрүн өндүрөбүз. Бул айыл чарба жер салыктары, айыл чарбалык эмес багыттагы жер салыктары, мүлк салыгы, транспорт салыгы, короо алдындагы турак жайдын салыгы. Негизи биздин милдетибиз ушуларды өндүрүү. Өз алдынча патент анан агенттиктен алынуучу патент салыктарды жана сатуудагы салыктарды райондогу салык инспекциясы өндүрөт.

Салыктын канча бөлүгүн жергиликтүү бюджетке которосуздар?

— Жалпы өндүрүп жаткан салыктын эки гана түрүн республикалык бюджетке которобуз, калганынын баары айылдык бюджетке түшөт.

Жылына салыктан түшкөн каражаттан жергиликтүү бюджеттеин канча бөлүгүн жаба аласыздар?

— Жергиликтүү бюджетке салыктын бардыгын эле жабабыз. Эч кандай толбой калды деген жок.

Мисалы, 2016-жылы салыктын эсебинен жергиликтүү бюджетке канча каражат түштү?

— 2016-жылы 2648885 сом акча өндүрүү пландаштарылган болсо, 110% ашык аткарылып, 2740000 сомго ашык аткарылды. Ал эми, быйылкы жылга 2734085 сомго пландаштырып жатабыз.

Бюджетке тушкөн салыкты кимдер бөлүштүрөт?

— Бюджетке түшкөн салыкты бөлүштүрүү жергиликтүү кеңештин депутаттарынын катышуусундагы сессияда чечилет. Аны айыл өкмөттүн кызматкерлери бекитилген пландарды иштеп чыгып, сунуш кылабыз, туура эмес жерлерин алар оңдоп, туура деген жерлерин бекитип беришет.

Пландардын аткарылышы кандай?

— Бизде жылыга белгиленген пландан ашык аткаруу бар, толбой калды деген болбойт. Бүгүнкү күндө мисалы, 5 айга карап көрсөк 134% менен келе жатабыз.

Даярдаган: Азима Нурбек кызы

Конкурс үчүн