Кара-Суу айылынын суу сордуруучу жайы жакында тосулат

Жайыл районуна караштуу Кара-Суу айылынын суу сордуруучу жайы көп жылдан бери курчалбай келет. Бул айыл тургундарынын жашоосуна коркунуч туудурууда.

      Аудио: Суу сордуруу жайы

Кара-Суу айылындагы суу сордуруучу жайдын курчалбай тургандыгы айыл тургундарына коркунуч туудурууда. Анткени ал жерден адамдар, малдар өтүшүп, сууга зыяндуу заттар түшүп кетиши мүмкүн.

Суу сордууручу жайдын кароолчусу Алмаз Смановдун айтымында, айыл өкмөт башчысы бул жерди тосууга убада берген.

“Кара-Суу айылынын суу сордууручу жайы 1980-жылдардын башында салынган. Ошол жылдары Союз учуру болчу. Анда суу сордуруучу жайдын тегереги курчалып турчу. Азыр болсо терегери ачык-чачык болуп, көп жылдар бери тосулбай келе жатат. Айыл өкмөтү убада берген тосуп берем деп, убадасын аткара элек”, – деди Сманов.

Айылы тургуну Адилет Жолдошбек уулу сууга зыяндуу заттар түшүп кетет деп тынчсызданат.

“Суу сордуруучу жай жөнүндө айыл өкмөтүнө айтылган. Тосом дегенине көп эле болуп калды. Ал жерди тосуш керек. Ар кандай коркунучтар бар. Ал жерге бирөө барып ичине бир нерсе салып, айылды уулантып коюш бат эле да”, – дейт Жолдошбек уулу.

Айыл тургундарынын наразычылыгынан улам айыл башчы Төрөбек Алиевге кайрылганыбызда буларга токтолду:

“Мен айыл башчы болгондон кийин айыл өкмөткө кайрылгам. Айыл өкмөт бул жөнүндө билет. Айыл өкмөт айткан “биринчи чабык чөп чабылса эле бюджетте акча болот, анан ошондон бөлүп берем” деген. Эми ошону күтүп жүрөбүз, берсе эле курчайын деген ой бар”, – деди Кара-Суу айылынын башчысы.

Учурда биринчи чөп чабык аяктап бараткан убагы. Бул тууралуу Кара-Суу айыл өкмөт башчысы Насипа Жээнбаева:

“Бюджетибиз тартыш, болгон каражатыбыздын баары электроэнергияны төлөөгө  кетет. Быйыл пландап жатабыз, 3-кварталга бекитилген бюджетте. Планга киргизилген буйруса аткарылат”, – деп билдирди.

Даярдаган: Азирет Туратбеков

Конкурс үчүн