Таластагы илимий китепкана

177

Талас мамлекеттик университетинин илимий китепканасы студенттер менен профессордук-окутуучулар курамынын маалыматтык муктаждыктарын камсыздоого, китепканалык жана маалыматтык-библиографиялык тейлөө көрсөтүүгө негизделген.

      Аудио: Таластагы илимий китепкана

Азыркы мезгилде Талас университетинде жайгашкан Д.Казакбаев атындагы китепканада жети кызматкер иштейт. Китепкананын бөлүм башчысы Рейна Бикееванын айтымында, китепканага 2005-жылы окумуштуулардын чечими менен Д.Казакбаевдин наамын берилген. «Эки жыл ичинде атайын Казакбаевдин фонду ачылды. Фонд көптөгөн китептер менен толукталды», — деди Бикеева.

Илимий китепкана 1997-жылдын февраль айында түзүлгөн. Китепкананын ачылышына жана анын китеп фондун толуктоодо И.Арабаев атындагы, Таластагы институттун мугалимдери демөөрчүлүк жардамдарын көрсөтүшкөн. Ошондой эле, фонд 209 миң сом өлчөмүндөгү жана 2087 даана китепти алып берген.

Д.Казакбаевдин жубайы Ырысжан Бөлөкбаева 1000ге жакын баалуу китеп, ошондой эле Казакбаевдин сүрөтүн тапшырды. Студенттердин айтымында, бул китепканага кызыккандар көп болуп, окуу жылын башталышын күтүп жүрүшөт.

Даярдаган: Зоотбек Ботукеев