Терек-Суу: Мектепте оңдоо иштери жүрүүдө

Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылында жайгашкан №12 Курама уулу Турусбек атындагы орто мектебинде оңдоо иштери жүрүүдө. Жыл сайын мектепти жайкы каникулда оңдоп, сырдашат.

      Аудио: Терек-Суунун мектебинде оңдоо иштери жүрүүдө

Мектеп директору Кенжекан Аматбекованын айтымында, мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражат жетпегенине байланыштуу Кетмен-Дөбө айыл аймагынын өкмөт башчысы Иляз Чороевге кайрылышкан.

“Мектепти оңдоо иштери акыркы мамлекеттик аттестациялоо аяктагандан кийин 20- июнда башталды. Мектептин жалпы класстык бөлмөлөрү оңдолуп бүттү, эми фойелер, коридорлор, тепкичтер калды. Класстык бөлмөлөрдөгү дубалдарды, парталарды, полдору сырдоо иштери бүттү. Мамлекет тарабынан жылыга берилүүчү краскаларга Токтогул райондук билим берүү тарабынан 63 же 67 миң суммадагы каражат жумшалды. Каражат жетпегенине байланыштуу Кетмен-Дөбө айыл аймагынын өкмөт башчысы Иляз Чороевге 16-17 миң сомдук краскаларды алып берүүгө кайрылуу жазып жатабыз. Эгер алып берсе жалпы жетип калар деген ойдобуз. Оңдоо иштерин ар бир класстын кабинет башчысы жана анын өнөктөшү бар. Мугалимдер өздөрү кылат, ал эми коридор, фойе, актовый залдарды мектептин техперсоналдары аткарышат”, — деп билдирди директор.

Ошондой эле мектептин ажатканасы авариялык абалда болгондугуна байланыштуу, жаңы ажаткана салынган. Ал тууралуу директор төмөнкүлөргө токтолду:

— Ажаткана бир айга жакын аралыкта салынып бүттү. Токтогул райондук атайын фонд тарабынан 400 миң сом каражат бөлүнгөн. Бирок, ал акчаны биз кармаган жокпуз, жеке ишкер Эрмек Карыпбаевич бардык жабдууларды өзү алып келип, салып бүттү. Мурдагы ажаткананын абалы абдан кооптуу болчу. Биздин мектепте окуган 800 окуучунун бардыгы колдоно турган ажаткана болчу. Анын салынганына 50 жылдан ашып калган. Ички абалы дагы авариялык абалда болгондуктан, балдарга кооптуу болчу. Ошондуктан, кайрылуунун негизинде жаңы ажаткана салынды.

Даярдаган: Азима Нурбек кызы
«Конкурс үчүн»