Ооган-Талаа айылынын маданият үйү ондолуп жатат

Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылындагы маданият үйү оңдолуп жатат.

Маданият үйүн оңдоо иштери июнь айында башталган. Оңдоо ишин колго алган «Тайир» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Бектур Акматовдун айтымында, керектелген каражатты каржы министрлиги бөлүп берсе, калганын Могол айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнгөн.

«Жалпысынан 140 квадрат метр пол берилген. Бул полду орнотуп бүттүк. Терезелерди жана эшиктерди алмаштырабыз. Ичи сырты толугу менен ондолот, чатыры жаңыланат. Бирок эки бөлмө ремонт болбойт. Ал оңдолбой калган эки бөлмөгө кийинки жылы долбоор жазса ондолушу мүмкүн. Бул 2 бөлмөгө 400 миң сомдун тегерегиндеги акча каражат сарпталат. Бул ремонтко 1077980 сом акча каражат сарпталып жатат, анын ичинен 189499 сом Могол айыл өкмөтүнүн бюджетинен алынды жана негизги бөлүгүн финансы министирлиги каржылап жатат. А калгандарына болсо стимгрант салымын кошуп жатат».

Маданият үйүнүн башчысы Байыш Осмоналиевдин айтымында, маданият үйү толугу менен оңдолбойт. «80 пайызы гана ондолот. Себеби чийилген рамкадан чыкпай иштеши керек. Миласы: полдору, шыбы, терезелери, эшиктери алмашат, чатыры алмашат жана эки үч бөлмөсү ондолот», — деди Осмоналиев.

Курулушта сегиз жумушчу иштейт. Алардын төртү ички бөлүгүн оңдосо, калган дагы төртү чатырын алмаштырат.

Даярдаган: Адилет Канат уулу
Сынак үчүн