Ден соолук чыңдоочу борбор

317

Эс алуу — адамдын чарчаганын жоготуп, ишке жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүүчү иш-аракеттер же тынч абал. Эс алуу мезгилинде клетка өзүнүн демейдеги составын калыбына келтирет. Активдүү эс алуу организмге пайдалуу.

      Аудио: Ден соолук чыңдоочу борбор

Эс алуунун туура режимин тандоо көп факторлорго, айтсак эмгек шартына, кишинин жашына жараша түзүлөт. Биздин өлкөнүн эмгекчилеринин эс алуусуна мамлекет жана коомдук уюмдар камкордук көрүшөт.

Аптапка чыдабай сууга чумкугусу келген шаардыктар эмгек өргүүсүнө чыгып, Ысык-Көлгө барууга мүмкүнчүлүк тапкыча борбордогу бассейндерге жөнөшөөрү анык. Талас шаарында саналуу бассейн иштейт.

Кээ биринде эс алуу борборлору бассейн эле эмес, сауна, кафе-ресторан, бильярд залдары менен кардарларды өзүнө тартат. Бул сапар айрым бассейндердин тамырын тартып, шарт-баасы кандай экенин окурмандарга жарыя кылууну тура көрдүк.

Талас шаарында мындан 15-жыл мурун сүт комбинатынын жетекчиси Мырзакан Давлеталиев жалпы эмгек жамааты менен бассейн курушкан. Учурда бул бассейнге келип эс алгандардын саны көп. Өзгөчө жаш балдардын сүйүктүү жайына айланган.

“Сүт комбинатынын бассейниндеги суу күн сайын алмашылып, тазаланып турат. Ошондой эле бассейндин суусунан эч кандай ооруларга чалдыккан учурлар болгон эмес жана бассейндин тазалыгына чоң маани беребиз”, – деп билдирди жетекчиси Карачач Ташиева.

Карачач Тишиева бассейндин жетекчиси.

Бассейнде ар дайым мончо жана душ иштеп турат, душка кирүү акысыз. Суунун температурасы +27 градус, тереңдиги 2 метр. Бул борбор төлөмү эң арзан бассейндердин катарында. Ар бир кардар үчүн түшүү убактысы чектөөсүз. Балдар үчүн 80 сом, чоңдор үчүн 120 сом төлөнөт.

Бул эс алуучу борборго келип ден соолугун чындап жүргөн шаарыбыздын тургундарынын ой-пикирлерин угуп көрдүк.

Майрамбек:

– Сүт комбинатынын бассейни жылуулук, тазалык жана элге кызмат көрсөткөн жагынан эң бир мыкты деңгээлде. Ушул себептен үй-бүлөм менен ар дайым сүт комбинат бассейнине ден соолукту чыңдоого келем.

Талас шаарынын тургуну Майрамбек мырза.

Талас шаарындагы байссейндерди санитардык абалын көзөмөлдөгөн мекеменин адиси Сурия Амированын айтымында, бассейндер баардык санитардык нормаларга жооп берет:

Сурия Амирова, врач.

– Биздин мекеменин коммуналдык бөлүмү бассейндер менен тыгыз байланышта, бассейн ээлери бир жумада бир күн бассейндин тазалоосун жүргүзөт. Талас шаарыбызда эки бассейн бар, ал экөө тең тазалык жагынан мыкты деңгээлде.

Ар бириңиздер ден соолугунуздарды чындоо үчүн убакытты туура пайдаланып эс алуу күнүнүздөрдү туура колдонуңуздар.

Даярдаган: Зоотбек Ботукеев
Жайкы сынак үчүн