Жамааттык маалымат каражаттарынын ассоциациясы «Немец толкуну» академиясынын колдоосу менен 2017-жылдын 24-25-26-27-28-июль күндөрү «Мультимедиялык журналистика» багытында Ысык-Көлдүн жээгинде жамааттык маалымат каражаттарынын ыктыярчы, жарандык журналисттери үчүн жайкы мектеп уюштурат.
Жайкы мектепке катышуу үчүн жамааттык маалымат каражаттарынын журналисттери kyrgyzmedia.com сайтына социалдык, экономикалык, укуктук багытындагы жана айыл же шаар көйгөйлөрү, курч маселелери боюнча материалдарды “конкурс үчүн” деген белги менен жарыялашы керек.
Материалдар төмөнкү критерийлер менен бааланат:
- материалдын ар тараптуулугу (5 баллдан 10 баллга чейин)
- материалдын мультимедиалуулугу (фотосүрөт, аудиоверсиясы) (5 баллдан 10 баллга чейин)
- материалдын актуалдуулугу (5 баллдан 10 баллга чейин)
Материалдар 2017-жылдын 17-июнунан 15-июлуна чейин жарыяланышы шарт.
Конкурстун катышуучуларына төмөнкүдөй талаптар коюлат:
- Кандидат онлайн материалды сайтка жайгаштырууну билүүсү
- Кандидат жамааттык маалымат каражатында 6 айдан кем эмес иштөөсү
Ушул талаптарга жооп берген гана кандидатар конкурска катыша алат.
Конкурстун жюрилери ар бир материалга өз бааларын өз алдынча коюшат. Баллдары жогору болгон 16 катышуучу конкурстун жеңүүчүлөрү аталып жайкы мектептке чакырылат.
Конкурстун жюрилеринин курамы:
Жамааттык маалымат каражаттарынын ассоциациясынын Башкаруу кеңешинин мүчөлөрү:
- Жумакадыров Муратбек
- Осмонова Гүлмира
- Осмоналиева Гүлкайыр
- Калканбекова Айзада
- Валентина Галич
- Өмүров Алмаз
- Сапаркулов Бакыт
Жамааттык маалымат каражаттарынын ассоциациясынын аткаруучу директору Назира Жусупова конкурска келип түшкөн материалдарды бардык жюрилерге жөнөтүп, жыйынтык чыгарат.