Эхинококкоз – коркунучтуу дарт

149

Эхинококкоз — боордо, өпкөдө жана башка органда мителик кылуучу эхинококк личинкасы пайда кылган оору. Эхинококкоз оорусу жаныбарлардан гана жугат.

Ооруганда бардык органдар жана системалар жабыркайт. Эхинококкоз оорусу көп убакытка чейин аныкталбайт жана кокусунан билиниши мүмкүн. Көп учурда бул оору ит жана мышыктан жугушу ыктымал.

      Аудио: Эхинококкоз – коркунучтуу дарт

Талас облусу боюнча 25 миңге жакын ит бар, алардын ичинен 6609 ит паспортизацияланган.

Паспортизациялоо — бул иттин атын, туулган жылын, өңү-түсун, дегельмитизациядан (дарылоодон) өткөндүгүн тастыктаган маалыматтык китепче.

Махабат Чынарбекова Талас шаарынын тургуну. Ал үйүндө мал кармагандыктан ветеренардын көзөмөлүндө турат.

— Эхинококкоз оорусу бул боор курту экен, ошондуктан аябай коркунучтуу. Ит көбүнчө үйдөгү балдар менен тыгыз контактта, ошондуктан балдардын коопсуздугу үчүн жаныбарды эмдеп тууру милдеттүү түрдө болуш керек. Биздин итибизди ветеринар келип квартал сайын курттан дары берип жана вакцина салып кетет. Кызматына 10 сом төлөп беребиз. Дарылары болсо бекер.

Талас облусунун ар бир айылында өз ветеренары бар. Үй жаныбарларын эмдөөдө дары-дармектери бекер берилип, ветеринардын кызматына акы төлөнөт.

Талас шаарынын жеке менчик ветеринары Каныбек Алыбаев ар бир үйгө кирип, бул оору боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.

— Бул оору ит жана мышыктын заңынан да жугушу мүмкүн. Ошондуктан ар бир үйгө кирип, үй жаныбарларын эмдөөгө аракет кылабыз. Бирок кээде жаныбарлардын ээлери макулдугун бербей койгон да учурлар кездешет.

Эхинококкоздун жумурткалары тышкы чөйрөгө абдан туруктуу. Алар 12 күнгө чейин жашайт. Оорунун алдын алуу үчүн үй жаныбарларды багууда ветеринариялык эрежелерди туура сактап, өздүк гигиенага көңүл буруу керек. Ылаңдаган малдын боорун, өпкөсүн итке бербей, жерге терең көөмп салуу сунуш кылынат.

Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова