Сарбан айылынын тургуну чүчбара жасоо менен алектенет

Сокулук районуна караштуу Сарбан айылынын тургуну Канымкүл Мурсалиева эки жылдан бери чүчбара түйүп иштеп келет.

Канымкүл Мусралиева:

– Мен чүчбара менен үйдөн өзүм алектенгениме көп эле болду. Негизи мен үйдө көп болбойм. Жазгы маалда балдарымдыкынан келгенде кичинеден чакан бизнес кылам. Чүчбарага пиязды, этти майда кылып турайт. Анан аларды мыжыгыш керек. Камырга пахта майдан куям, жумуртка кошуп даярдаш керек, анан кийин түйүлөт. Чүчбараны 500 гр кылып атайын пакетке салып дүкөндөргө өткөрөм.

Маектешкен: Асел Эркинбек кызы